БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Ала-Арча капчыгайынын күн батыш тарабындагы тоолордун биринде өрт чыкканын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу билдирди.
"Ала-Арча капчыгайынын оң жагындагы тоонун бир капталы күйүп, жалын тоонун башына жакындап калды", — деди күбө.
Ал эми КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы өрт боюнча маалыматтар такталып жатканын билдирди.
Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.