БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Борбор калаада пранкерлер бишкектиктер менен жаздык чабыш ойношту.
Видеону соцтармакка BadStreetShow(KGZ) инстаграм-аккаунту жарыялаган.
Уюштуруучулар аталган роликти Шопоков көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде тарткан. Анда сценарий боюнча жаш жигит көчөдөн ары-бери өткөндөргө кокустан жаздык ыргытып, чапкылай баштайт.
Бул көрүнүштү жөө адамдар жакшы кабыл алып, пранкерлер менен "мушташа" кетип жатышты.