Ушул аптада Жамал Ташыбекова 80 жашка толду. Журналист Гүлдана Талантбекова эл үчүн өмүрүн арнаган айымдын бейнесине сүртүм жасады. Маалымат Ташыбекова менен болгон маектен жана жазуучу Гүлбүбү Бектурганованын "Кыргыздын асыл кыздары" китебинен алынды.
Келечекке таасир берген таеже. Ташыбекова Жамал Чойбековна 1937-жылы 29-августта Фрунзе шаарында төрөлгөн. Жамал карапайым жумушчунун үй-бүлөсүндө чоңойгон. Курулушчу болуп эмгектенген атасы Жамал экиге чыкканда каза тапкан. Апасы балдар үйүндө иштечү. Үй ээси көз жумгандан кийин апасынын сиңдилери оор турмушту сездирбей жардам берип турган. Бир таежеси ок чыгарган цехтин партиялык уюмунун катчысы болуп иштеген. Жумуштан үйгө келгенде саясаттан узун кеп улап, кичинекей Жамалдын кулагын бышырып, атүгүл келечегине да таасир эткен.
Өлкө үчүн батирден да, жумуштан да баш тарткан. Мектепти бүткөндөн кийин Москвадагы жеңил өнөр жай технологиялык институтуна тапшырган. Өндүрүш практикасын жыл сайын Ленинграддагы айтылуу "Комсомолка" тигүү фабрикасынан өтчү. Жигердүү практикантка жаштыгына карабастан, бир ай бою эс алууга кеткен цехтин жетекчисинин милдетин аткарып, кыска убакыттын ичинде жамааттын кадыр-баркына ээ боло алган. Ал эми фабриканын эмгек жамааты жаш студенттин ишмердигине жогору баа берип, өздөрүнө калтыруу өтүнүчү менен окуу жайына атайын кайрылган. Бирок алдына чоң максат койгон Жамал болгон күч-кубатын, заңгыраган Москвадан алган билимин туулуп-өскөн жерине арнагысы келген. "Комсомолканын" батир беребиз деген сунушуна макул болбостон, "мен кайра Кыргызстаныма кетем" деп ак эткенден так этип туруп алган дешет.
Саясаттагы жолу. 1967-жылдан баштап Ташыбекова Кыргызстан КП БКнын өнөр жай бөлүмүндө, борбор шаардын вице-мэри, 1980-жылы Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын орун басарлыгына, Тышкы иштер министрлигине дайындалган. 1980-жылы Кыргызстан аялдарынын VIII курултайында Республикалык аялдар советинин төрайымы, Советтик аялдар комитетинин мүчөсү болуп шайланат. Бул жылдары саламаттык сактоонун, элге билим берүүнүн базасын чыңдоого, айрыкча илимди, маданиятты, спортту өнүктүрүүгө көп күч жумшаган. Советтин жана республиканын Жогорку Советинин бир нече жолку депутаты болуп шайланган. Элдердин ортосунда достукту жана кызматташтыкты чыңдоо жана өнүктүрүүдөгү олуттуу салымы үчүн ага Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси деген даражалуу дипломатиялык ранг берилген.
Жетекчилик талант менен адамгерчилик айкалышканда. Жамал Чойбековна жумушчулар, айыл эмгекчилери, көп балалуу аялдар, пенсионерлер жана аксакалдар менен байма бай жолугушуп, алардын кем- карчына көңүл буруп, кеңешип, өтүнүчтөрү менен суроо-талаптарын аткарып турган. Ал эми аны менен иштеп калган кыз-келиндер абдан жарашыктуу жана өзгөчө кийингенин, келбеттүүлүгүн азыркыга чейин айтып келишет. Замандаштары анын сулуулугу менен кошо өтө маданияттуулугун, тунук акылын, адамгерчиликтүүлүгүн белгилешет. Китеп окуганды жакшы көрөт, стол тенниси, бильярд сыяктуу спорт оюндарынын ышкыбозу. Мындан тышкары живописти, музыканы, ырды өтө сүйүп угат, өзү да кыргыздын элдик ырларын мукамдуу обонго салып созолонтот.
Боздотуп кеткен жалгыз уул, агымын уланткан жашоо. Жубайлардын уулу Темирбек Москва мамлекеттик университетин бүтүп, философия илимдеринин кандидаты болгон. Тилекке каршы, Жамал Чойбековна былтыр жалгыз уулунан айрылып калган. Учурда келини, неберелери менен турат. Бишкек шаарында жайгашкан Достук үйүнүн жетекчиси.