Борбор калаанын тургундары жана коноктору намаз окуу үчүн таңкы саат 6.00дөн тарта эски аянтка чогула башташты. Намаз башталганга чейин аалымадар жана муфтий Максат ажы Токтомушев куттуктап, баян айтып элди ыйманга чакырып жатты.
Айт намазга бийлик өкүлдөрүнөн президенттин кеңешчи Мухамметкалый Абулгазиев жана Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов катышты.

Бул күнү жакындарыбызга көңүл буруп, көптөн бери көрүшө элек тууган-туушкандардан кабар алып койгонубуз туура. Ошондой эле көзү өткөн ата-бабалардын арбагына багыштап куран окутуу — милдет

Куттуктоо сөздөрдөн кийин саат 7.30 айт намазы окулуп баштады

Курман айт майрамы ички тазалыктын, жакшылыктын, кайрымдуулуктун, жоомарттыктын, жакындарга болгон боорукерликтин жана камкордуктун салтанатын чагылдырат

"Ала-Тоо" аянтына кире бериш жерде көзөмөл пунктулары уюштурулуп, өткөн адамдар тыкыр текшерилип жатты. Жалпысынан 2200 милиционер коомдук тартипти көзөмөлдөп турду

Эгемендүүлүк күнү жана Курман айтка карата милиция кызматкерлери 29-августтан тарта күчөтүлгөн тартипке өтүп, борбор калаадагы айрым көчөлөр жабылган

Чоңдорду ээрчип келип намазга жыгылган бала. Жамаатты суктануу менен карап сүрөт, видеого тартып жаткан учуру

Айт намаз окулганга чейин муфтий Максат ажы Токтомушев куттуктоо сөзүн жана баян айтты

Бул күнү мусулмандар таң заарда туруп майрамдык намаз окууга шашылат

Жараткандан жакшы тилек сураган жеткинчек

Майрамдык намазга келгендердин саны арбын болуп өкмөт үйүнөн Эркиндик проспектисине чейин жетти

Айт намазга эркек кишилердин гана барышы шарт

Айт намазы борбор калаанын эски аянтында окулду

Айт намаз окулгандан кийин бири-бирин куттуктоого өтүшөт

Бул күнү майрамдын урматына курмандык чалынып, жакыр үй-бүлөлөргө, оорукчандарга кайрымдуулук иштери жасалат.
