Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековМиң-Куш айылы, Жумгал району. Архив
Миң-Куш айылы, Жумгал району. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. 2-сентябрь күнү өлкө аймагында күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында 29…34 градуска чейин көтөрүлсө, Таласта 28…33 градус ысык болот. Ысык-Көлдө 22…27, ал эми Нарында 24…29 градус жылуу болору айтылды.

Бишкек менен Ош шаарларында күндүн табы 32…34 градуска чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0