БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз жарандыгын алуу жана андан чыгуу боюнча төрт Жарлыкка кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Кыргызстандын жарандыгы 679 адамга берилген. Алардын басымдуу бөлүгүн Өзбекстан менен Тажикстандан келген этникалык кыргыздар түзөт. Мындан тышкары 143 адам кыргыз жарандыгынан чыгарылган. Алардын 104ү чоң киши болсо, 39у — жаш балдар.