Шеримкулов: жаштардын бийликке келиши эң туура көрүнүш
Жаштардын бийликке келиши эң туура көрүнүш. Бул тууралуу легендарлуу парламенттин төрагасы, мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жаштарды саясатка алып баруудан мурун таптоо керек.
"Саясатка жаштар келиши керек деген сөз туура. Улуу муундагы саясатчылардын эмгеги тарыхта кала берет. Аны эч ким тартып ала албайт. Бирок жаштарды кызматка алып келээрден мурун сынап, тепкичтен тепкичке көтөрүү менен тажрыйбасын арттырыш керек. Даярдыгы жок келген жаштар өздөрү да кыйналат, мамлекетке да зыяны тиет", — деди Шеримкулов.
Ал жаштардын министрлер кабинетине келип жатканын толугу менен колдой турганын кошумчалады.