БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. 31-август Эгемендик күнүндө шаардык коомдук транспорттун багыты өзгөрөрүн мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Майрам күнү Бишкектеги Чүй проспектиси менен Киев көчөлөрү Тоголок Молдодон Тыныстановго чейин жабык болот.
Эртең мененки саат 6:00дөн саат 12:00гө чейин №9 троллейбус токтойт. Ал эми №7 троллейбустун багыты "Тунгучтан" цирктин жанындагы аялдамага чейин жана Ак-Ордодон "Ош" базарына чейин кыскарат.
№ 38 менен №42 автобустары багытына жараша Токтогул жана Москва көчөлөрү менен жүрөт. Андан сырткары, №7 автобус Жибек Жолу менен каттайт.
Ошондой эле Чүй жана Киев көчөлөрү аркылуу жүргөн маршруттук таксилер да Токтогул, Москва жана Фрунзе аркылуу жүргүнчүлөрдү ташыйт.