БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков өкмөттүн мүчөлөрүнө жол кырсыктарын кыскартууга багытталган иш-чараларды ишке ашыруу тапшырмасын берди.
Шаршемби күнү, 30-августта, Исаков жол коопсуздугуна арналган жыйын өткөрдү. Жарым саатка созулган жыйындан кийин ведомстволордун жетекчилерине жол коопсуздугун сактоого багытталган 103 пункттан турган план таркатылган.
"Сиздерден бул планды так аткарууну суранам, иш ордуңуздарга барар замат жыйын өткөрүп кызматкерлерге документти таркатыңыздар. Окуу жылы жакындап калды, эрте кыймылдай башташ керек. Ошондой эле аткарылган иштер жана кыйынчылыктар тууралуу маалымдап туруңуздар", — деп Исаков министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө кайрылуу жасады.
"Мектептердин жанында сиздердин кызматкерлер көп болушу керек. Анан алар жол чийинден кийин эмес, ага чейин туруулары кажет — бул өтө маанилүү. Кылмышкерлерди кармоо менен алектенүүнүн ордуна алдын алууга аракет жасоо керек", — деди Исаков.
Жыйын аяктагандан кийин вице-премьер Темир Жумакадыров журналисттерге аталган план жыл аягына чейин аткарылышы керектигин билдирди.