Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Атабаев: айт намазга кечикпегиле!

© Фото / пресс-служба ДУМК КРМуфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаевдин архивдик сүрөтү
Муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев майрамдык намаз айтылган убакытта башталгандыктан кечикпөө керектигин айтты
Атабаев: айт намазга кечикпегиле!

Айт намаз 1-сентябрь күнү эски аянтта окулат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосуна муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.

Белгилей кетсек, быйыл Курман айт 1-сентябрга дал келгендиктен бул күн дем алыш деп жарыяланган.

"1-сентябрь саат 06:00дө борбор калаадагы эски аянтка эл чогула баштайт. Ал эми саат 07:00гө чейин аалымдардын баяны болот. 07:20га чейин муфтий Максат ажы Токтомушевдин куттуктоосу жана баяндамасы, 07:20-07:30 аралыгында өкмөт өкүлдөрүнүн куттуктоосу айтылат. Ошентип майрамдык намаз туура 07:30да башталат", — деди Атабаев.

Ал айт намазы айтылган убакытта так башталарын, андыктан кечипөө керектигин кошумчалады.

Курмандыкка кандай мал тандап, кантип союу керектигин Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан көрсөңүз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0