Соцтармак кызыктары: улакчысын табалаган "көрөгөчтөр", мал айдаган милиционер

© Sputnik / Табылды КадырбековКомуз менен ыр аткарып жаткан милиция кызматкери. Kyrgyzbek Manasbai аттуу колдонуучунун Facebook баракчасынан тартылган сүрөт
Комуз менен ыр аткарып жаткан милиция кызматкери. Kyrgyzbek Manasbai аттуу колдонуучунун Facebook баракчасынан тартылган сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Узаган жума спорт күйөрмандарыныкы болуп, бүйүр кызыткан кыргыз-казак көк бөрүсү жана дүйнө элин дүрбөткөн боксчу менен мушкердин беттеши орун алды. Бул күндөрү кыйкырык, сүрөөн, жеңиштин жемиши жана жеңилүүнүн ызасы коштолгон посттор соцтармак бетин ээлеп турду.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Көк бөрүчүсүн табалаган "көрөгөчтөр", жеңилгенине кайгырып койбогон Конор Макгрегор, дүйнө чемпионатынан байге алган Айсулуу Тыныбекова жана өз ишин ырга салган милиционер интернет жылдызы болду.

Sputnik Кыргызстан агенттиги артта калган аптада социалдык тармактардагы кызыктуу сүрөт, видеолор топтомун сунуштайт.

1. Алгач оюнду көрөлү. Баарыбыз дүрбөп кокуйлаган Астанадагы көк бөрү боюнча кыргыз-казак беттешинин маанилүү ирмемдери.

2. Ушул балдар саткынга окшоп турабы?! Тилекке каршы оюнда кыргыз улакчылары жеңилүү ызасын тартышты. Бирок оюн бүтөөрү менен колдоп дем берүүнүн ордуна "эки элди эриктирбеген, бир элди бириктирбеген" "көрөгөчтөр" ортодо соодалашуу болду деп оозу-мурду кыйшайбай эле ачык айтып чыгышты. Ат минген бул жакта турсун, аттын жанына барып көрбөгөн адамдар да эксперт боло калды. Темирди кызуусунда басып Кыргызстан командасынын жетекчилери аларга да жооп беришти.

3. Эң оңой нерсе — үйдө отуруп акыл үйрөтүү. Ал ортодо алп акын Аалы Туткучев "Үйүнөн алыс чыкканда ар бир адам мусапыр. Ага карабай чарчаса да, ач калса да, камчы жеп ыза көрсө да ичинен ызырынып, аттан жыгылып катуу сокку алганына карабай, жанын оозуна тиштеп намыс үчүн таймашка чыгышты. Алардын артынан жаман сөз сүйлөбөйлү!" деп жазган.

4. Жеңилсең ушундай жеңил. Дүйнө эли дүрбөгөн боксчу менен мушкердин беттеши да ушул жекшембиде болду. Натыйжада Флойд Мэйвезер Конор Макгрегорду техникалык нокаутка кетирди. Бирок Макгрегор жеңилгенине түк кайгырбаган сыяктуу. Видеодон анын колуна шарап алып бейкапар жыргап жүргөнүн көрүүгө болот.

5. Кыргыздын кыйын бир кызы. Айсулуу Тыныбекова Францияда өткөн дүйнө чемпионатынан коло байгеге ээ болду. Бул кыргыз тарыхындагы алгачкы медаль болуп саналат. Аны аба майдандан салтанаттуу тосуп алышты. Кайратыңдан тайбай, чемпиондуктун далайын багынта бер, Айсулуу!

6. Милиционерден бир шиңгил. Бул милиция кызматкери кесипти туура эмес тандап алган окшойт. Мындай таланты менен 30-31-августта өтчү акындардын айтышына барса, байгесиз кайтпаса керек. Милициянын жасаган иштерин укмуштуудай кылып ырга салыптыр. Андан "Айдатып ийсең малыңды, айдап келет милиция. Мас болуп калсаң бир суукта, жыпжылуу жайга жаткырып коёт милиция" деген саптарды кездештирүүгө болот.

7. Бакытын уурдап келип… Бул видео "Уурусу күч болсо ээсин доого жыгат" деген сөзгө ынандырат. Казакстанда кыз ала качып келип "Болду ыйлаба! Антпесе азыр кууп чыгып, кайра албай коебуз" деп коркутуп жатат. Ал отуруп калдыбы же үйүнө кеттиби, белгисиз. Ар бир адам сүйгөнүнө жетип, бактылуу болсо экен.

8. Мыкаачы десек жумшак болуп калбайбы? Кимдир бирөө иттин буту-колун жип менен байлап сууга ыргытып жибериптир. Бактыга жараша аны башка адамдар көрүп аман сактап калышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0