БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Пенза облусунда Кыргызстандын номери тагылган микроавтобус жүк ташуучу унаа менен кагышып, бир киши көз жумганын РИА Новости укук коргоо органдарына таянуу менен жазып чыкты.
Жол кырсыгы ишемби күнү, 26-августта күндүз "Урал" М-5 жолунун 471-чакырымында катталган. Кагышуудан кийин микроавтобус капталына оодарылып калган. Бустагы бир аял каза болуп, жабыркаган беш жүргүнчү ооруканага жеткирилген. Алардын ичинде 17 жаштагы өспүрүм бар экени белгилүү болду.
"Жол кырсыгына кабылган микроавтобус Кыргызстанда катталган", — деди агенттиктин маектеши.
Ал көз жумган жана жабыркаган адамдар кайсы өлкөнүн жарандары экенин айта алган жок. Учурда жол кырсыгы боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.