БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Канттык "Абдыш-Ата" клубунун футболчулары Казакстанда өткөн эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болушту. Бул тууралуу аталган клуб билдирди.
Таймаш советтик жана казакстандык футболчу, атактуу машыктыруучу Антон Шохтун элесине арналып Таразда өттү. Ага Казакстан, Өзбекстан жана Россиянын да командалары катышты.
Финалда кыргызстандыктар "Алматы" клубун 6:0 эсебинде утуп алды. Мында улуттук командадагы Камалидин Ташиев мыкты коргоочу деп табылды.