БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Ош шаарында катталган адам өлтүрүү фактысынын бетин ачуу үчүн ШИИБдин криминалдык милиция кызматы коомчулукка жардам сурап кайрылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан маалымдашты.
Эске сала кетсек, 27-августта саат 10.30дар чамасында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери Мамлекеттик социалдык университетинин маңдайындагы таштанды челектен 40-50 чамасындагы башы кесилген аялдын сөөгүн табышкан.
"Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы оор кылмыштын бетин ачуу үчүн коомчулуктан жардам сурайт. Маалымат берген адам тууралуу жашыруун сыр толук сакталышына кепилдик беребиз", — деп айтылат маалыматта.
ШИИБ маркумдун кофтасын, ал оролгон туштук жана сөөгү салынган сумкалардын сүрөттөрүн жарыялады.
Оор кылмыш тууралуу маалыматы барлар 03222-2-46-78, 03222-2-10-06, 0557-79-96-99, 0558-15-00-88 номерлери аркылуу байланышка чыкса болот.