ОШ, 28-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-августта жумушчу сапар менен Ош облусуна учуп келди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Иш сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткан Өзгөн, Чоң-Алай райондорунун жашоочулары менен жолугушат.
Ошондой эле президент Чоң-Алай районундагы оорукананын ачылыш аземине катышат.