Атамбаев: үй камсыздандырылса, каржы көйгөйү жаралбайт
Мына абдан бай Американы алсак, кырсыктар ай сайын болуп турат. Бирок алар үй-жай эмес эл аман болсо болду деп ойлошот. Себеби алар үйлөрүн каттап, камсыздандырып коюшкан. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев билдирди.
"Үй камсыздандыруудан өткөн болсо мамлекетке да, үй кожоюнуна да көйгөй жаралбайт. Тамекиге табылган акча, үйдү камсыздандырууга табылбайбы?", — деди мамлекет башчы.
Ал ошондой эле коомчулукту мамлекетке аяр мамиле жасоого чакырды.