БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Токмок менен Бишкекте бир нече күнгө газ өчө турганын "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Токмок шаарында 25-августта саат 8:00дөн 18:00гө чейин Шамшы жана Дунларов көчөсүндөгү үйлөрдө газ болбойт.
Ал эми Бишкек шаарында 28-29-августта Чокморов, Табышалиев, Бөкөнбаев жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында газ өчүрүлөт.
Мындай аракеттер оңдоп-түзөө иштеринен улам жасалып жатканын мекемеден кошумчалашты.