Соцтармак колдонуучуларына карата 6 "болбойт"

© REUTERS / Dado Ruvic / File PhotoТелефон кармап турган адамдын архивдик сүрөтү
Телефон кармап турган адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илгери кыргыздар эшигинин алдын эч качан тоскон эмес. Коңшулар бири-биринин үйүнө кирип чыгып жүрө бергендиктен, ким кантип жашап жатканын айылдын баары билген. Бирок заман алмашып, биздин жашоо мүнөзүбүз да өзгөрдү.

Анткен менен мындай өзгөрүүлөр бирөөнүн жашоосуна кулагын түргөндү жактыргандар үчүн тоскоол боло албайт. Анткени социалдык тармак короо-жайы торолбогон айылга окшошуп, өзүнчө бир коомго айланды.

Ал эми коом түзүлгөн жерде эреже, тартип болушу керек. Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги социалдык тармакта отурган адамдар эмнелерди жасабашы керектигин тизмектеп чыгууну туура көрдү.

Жүрүп бараткан унаанын үстүндө бараткан бала, omks_video Instagram баракчасынан тартылган сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Соцтармак кызыктары: 30 бала төрөөгө чакырган бийкеч, унаа менен улак чапкан уландар
"Боксташпа!" Социалдык тармактагы комментарийлерди окуп жатып, сөгүнмөй жактан тил байлыкты өнүктүрүп алууга болот. Мындай көрүнүш "интернеттеги бокс" деп атала баштады. Социалдык тармак да өзүнчө бир коомчулук болгондуктан ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлөө оң. Көчөдө кетип баратканда сөгүнө бербейсиң да, туурабы?

Бирөөнүн сырын ачпа. "Укпайм, уксам койбойм" деген адамдар жок эмес. Алар жеке баракча аркылуу сүйлөшкөн диалогду беш миң досунун алдына жайып коюшу мүмкүн. Мындай кадамга баруу менен эч качан абийир таппайсың. Себеби калган 4999 досуң сенден кооптонуп калышы мүмкүн. Ал эми убагында сага ишенип жазган адамдардын сырын бекем сактоо менен душманыңдын көз алдында да деңгээли бийик адам катары каласың.

Билбей туруп пикир жазба. Августтун башында кыргызстандык модель Сусанна Егорянга байланыштуу коомчулукта ызы-чуу жаралды. Сулуу кызга болушкан Армениан Репорт сайты "Жөнөкөй кыргызча фашизм" аталышындагы материалды жарыялай койду. Муну окуган кырнет жарылып кете жаздады. Кийин армениялык туугандар аталган сайттын аталышынан башкасы өлкөгө тиешеси жоктугун жана ал жалган сайт экенин түшүндүрүштү. Бирок көпчүлүк интернет колдонуучулар провокация жасагысы келгендерге алдырып коюшту.

Төө минип турган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Уулга карата 8 "болбойт". Атасынын көзүнчө эмне кылбаш керек
Демек, достор, пикир жазар алдында маалыматты текшерүүгө аракет жасагыла. Билбестиктен бирөөгө зыяны тийип калбасын. Баса, жарыяланган маалыматтын бир гана сүйлөмүн окуп бүтүм чыгаруудан алыс бол. Себеби кептин төркүнүн туура эмес түшүнүү менен пикир калтырып, элге сабатсыз адамдай көрүнүп калышың мүмкүн.

Акыл үйрөтпө! Бүгүнкү күндө элдин баары "акылдуу". Андыктан аларга акыл үйрөтүп жаман көрүнүүнүн кереги жок. Мүмкүн болсо сунуш иретинде пикириңди жаз.

Маанисиз түз эфирге чыкпа. Социалдык тармактарда түз эфирге чыгуу мүмкүнчүлүгү жаралгандан бери жаңы функцияны активдүү колдонгондор көбөйдү. Эгер анын 99 пайызы маанисиз болсо, элдин убактысын алып түз эфирге чыкпай эле койгон оң.

Көп мактанба. Өзүң тууралуу канчалык көп маалымат жүктөсөң кылмышкерлер ошончолук ыраазычылыгын билдирет. Кооптуу заманда сак болгонуң оң. Мактаныч үчүн көрсөткөн байлыгың эртең башыңа муштум болуп тийбесин!

Жаңылыктар түрмөгү
0