БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Шаршембиде күн ачык болуп, абанын орточо температурасы 23-25 градус жылуу болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй өрөөнүндө 23…28 градус жылуу болсо, Таласта 22…27 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 25…30 градус ысыйт. Ал эми Ысык-Көл облусу менен Нарын аймагында күндүн табы 25 градуска жетет.
Ош менен Бишкек калааларында жаан-чачын болбойт, абанын температурасы 30 градус ысыйт.