Бишкек ШИИБдин Кылмыш изилдөө башкармалыгынын карактоого каршы күрөш башкармалыгынын опер кызматкери Нурлан Шакировду адам табиятынын пастыгы менен таңгалдыра албайсың. Ал адамга болгон ишенимди балмуздактай "эрите" турган көрүнүштөргө арбын учурайт.
— Эмнеликтен милиционер болууну чечтиңиз эле?
— Агам органда көптөн бери иштейт. Бала чагымда ага суктана кеп кылгандарды, баары сыймыктанганын көрүп өстүм. Ошондон улам мен да ал кишидей болгум келчү. 2008-жылы университетти бүткөндөн тарта бишкектиктерди карактаган учурларды иликтеп келем.
— Эң алгач алган ишиңиз кандай эле?
— Окуу жайды жаңы аяктаган кез эле. Гагарин көчөсүндөгү кафелердин биринин кожейкеси бизге кайрылды. Бир түндө ал жайдагы үстөл-отургучтары жок. Уурулар компьютерди да көтөрө кетишкен.
Мага тажрыйбалуу кесиптештер көмөкчү болушту. Алардын жардамы менен колдон сатып алгандарга чыгып, жоголгон эмеректерди таап алдым. Сатуучу кимден алганын көрсөтүп берди, аны кармаганда ал Бишкектен жети жерди ушинтип карактаганы маалым болду.
— Кайсы иштин бетин ачуу өзүңүздү да сыймыктандырат?
— Алыс узабайын. Быйыл согуштун ардагери Леонид Тузовдун тонолгонунан кабардар болсоңуздар керек. Анын батиринин каалгасын бир аял киши кагат. Кош бойлуу экенин айтып дааратканасына кирип чыгууну өтүнөт.
Бул иштин бетин ачпай кое албайт элек! Адегенде аялдарды кантип табуунун жолдорун ойлондум. Үйдүн тегерегинде дүкөндөр көп экен, адатта алар видеобайкоо камераларын орнотушат эмеспи. Бактыга жараша – жабырлануучунун үйүнөн кылмышкер айымдардын чыгып баратканы тасмага түшүп калыптыр.
Коңшулардан сураштырып чыккандан кийин бул аялдар бир улуттан экени анык болду. Алардын диаспорасына кайрылып, тийиштүү ыкчам аракеттерди көрүп, кылмышкерлердин изин таптык.
Өзүм аларды колго түшүрдүм. Адамдын боорун ооруткудай көрүнгөн айымдар карыяларды бычак менен коркутканы мени таң калтырат… Мындайга барыш үчүн ким болуш керек өзү?!
Алар мындайга биринчи ирет барып жаткан жери жок, карыялардын эсебинен жашап келишкен. Көздөрүнөн жасаган кылыгына ныпым өкүнүч байкалбайт. "Уурулук кылам, уурдап келгем, уурдай да берем, түшүндүңбү?" дейт алардын бири.
— Ошондой деңизчи. Кудайдан жөө качкан дагы кандай кылмышкерлердин ишин иликтедиңиз?
— Март айынын башындагы бир учур. Бишкектик бир таксист ишке чыгат. Жолдон аны үч жигит токтотуп, шаардын четине жеткирип коюуну өтүнүшөт. Машинени далдоо жерден токтотуп, жүргүнчүлөрдүн бири бычак, экинчиси тапанча алып чыгат. Аларга каршылык көрсөтүп да кереги жок эле.
Айдоочунун колу-бутун байлап, оозуна чүпүрөк тыгып, жүк салгычка камап коюп, май куюучу жайды тоноого багыт алышат. Кийин алардын бири ошол май куючу жайда мурда иштеп кеткени белгилүү болду. Бирок алардын тилегин таш кабат, себеби андан мурда эле кассанын терезесине темир тор коюлган болот.
Мындан улам жолдун чекесине унааны таштап, из жашырышат. Байкуш айдоочу түнү менен жүк салгычтын боорун тепкилеп чыккан.
Жашыруун маалымат болгондуктан аларды кантип колго түшүргөнүбүздү ачык айта албайм. Кыскасы издерин суутпастан кармадык. Алар эне сүтү оозунан кете элек 19-20 жашар уландар болуп чыкты.
— Эгер бирөөнү тоноону чечсем, мени табуу ыктымалдыгы канчалык?
— Акча үчүн киши өлтүрүүгө чейин барышабы?
— Жок, денесине оор залака тийгизген учур болгон. Жакындагы эле бир окуя: көчөдө өз жолу менен бараткан студентке бычак такай эки киши кол салат. Капчыгын, телефонун өз эрки менен беришин талап кылышат, болбосо… Студент да тегин эмес, спортчу экен. Мушташа кетишет, берки экөө студентти сабап салышат.
Бактыга жараша, бычак колдонушкан эмес. Тиги бала ооруканага жаткырылды, кийин кол салгандарды кармадык.
— Курмандыктар кол салгандардын сазайын берген учурлар кездешеби?
— Ооба! Элестетиңиз, үй-бүлө уйкуда: күйөөсү, аялы жана эки уулу. Атасы үйдөгү кадамдардын дабышынан улам ойгонуп кетет. Көрсө, алардын үйүнө төрт киши кириптир. Кожоюн катуу кыйкыргандыктан, жубайы, 17 жана 19 жаштагы уулдары да уйкудан ойгонот. Төртөөлөп кылмышкерлер менен алышат. Биринин колун кайрып кармашат. Ал эми анын шериктерин табуу жеңил эле эмеспи.
— Уурулар менен каракчылардын курмандыгына айланбаш үчүн эмне кылуу керек?
Мектеп окуучуларынын ата-энелерине "балдарга кымбат баадагы телефон сатып бербегиле" деп канча какшап келебиз! Бул менен уурулардын жана чөнтөкчүлөрдүн көзүн ого бетер кызарта азгырабыз. А бирок перзентин эркелетүү көпчүлүк үчүн баарынан маанилүү болуп кетип жатпайбы…