БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Ишемби күнү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй менен Талас өрөөнүндө 25…30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 29…34, Ысык-Көл менен Нарын облусунда 21…26 градус жылуу болот.
Ош менен Бишкек шаарларында күн ачык болуп, аба 32 градуска чейин ысыйт.