Атабаев: Москвадагы дүйнөлүк куран жарышта 32 өлкөнүн мыктылары күч сынашат
Москвадагы дүйнөлүк куран жарышында 32 өлкөнүн мыктылары күч сынашат. Бул тууралуу муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев.
Анын айтымында, жарыш үстүбүздөгү жылдын 8-октябрында Москвадагы Crocus City Hall залында өтөт.
"Москва шаарында өтө турган дүйнөлүк куран жарышына Кыргызстандын атынан Абдималик Козубеков катышат. Негизи сынакта 32 мамлекеттин ичинен тандалган мыктылар күч сынашат", — деди Атабаев.
Анын айтымында, конкурстун жүрүшүндө дүйнөлүк аалымдар лекция өтүп, ар кыл иш-чаралар уюштурулат.
Ал эми жеңүүчүлөргө ажылыкка, умрага жолдомолор жана Iphone 7 уюлдук аппараттары берилет.