БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга расмий иш сапары менен барарын шаршемби күнү премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди.
Ал мындай билдирүүсүн Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен болгон жолугушуунун жыйынтыктоочу бөлүгүндө билдирген.
Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Алмаз Усенов учурда иш сапар качан аткарылары такталып жатканын билдирди.