БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар бүткүл дүйнөлүк универсиадада күч сынашат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, XXIX студенттик жайкы олимпиада 19-августтан 30-августка чейин Кытайдын Тайбэй шаарында өтөт.
Мелдешке Кыргызстандын атынан дзюдо, жеңил атлетика жана таэквандо боюнча сегиз спортчу катышат. Аларды аталган мелдешке жиберүү үчүн агенттик бир миллион 222 миң сом бөлдү.
Жайкы универсиадада дүйнө жүзүнөн чогулган жаштар спорттун 21 түрү боюнча күч сынашат.