БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Бүгүн өлкө аймагында ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жеткен шамал катталышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Ага ылайык, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Ал эми бийик тоолорго кар түшөт.