БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Шила Калверт-Йиндин чачы өзгөчө болгондуктан аны тарак менен тароо бир топ машакат жаратарын TODAY.com сайты жазып чыкты.
"Чачы таралбагандардын" оорусу менен дүйнөдө 100дөй киши жабыркайт.
Шила чачын дайыма жайып, же өрүп жүрөт. Себеби, байлаганда жана атайын чач кыпчыткычты пайдалануу ага ыңгайсыздык жараткандан тышкары чачынын түбүн оорутат. Андыктан андан такыр эле баш тартууга туура келген
Кыздын ата-энеси ал эл арасында жүргөндө уялбашы үчүн Instagram тармагында атайын баракча ачышкан.