БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков (55 килограмм) жана Роман Ким (120 килограмм) дүйнө биринчилигинде алтын медаль үчүн ат салышат. Бул тууралуу беттешти уюштуруучулардын сайтында жарыяланды.
1-6-август күндөрү Финляндияда эркин, грек-рим, жаштар арасында жана кыздар күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионат өтүүдө.
Маалыматка ылайык, 55 жана 120 килограмм салмак чениндегилер арасындагы эки беттеш тең Бишкек убактысы боюнча 23.00дө болмокчу.
Жоламан Шаршенбеков түркиялык Керем Камал, ал эми Роман Ким грузиялык Звиад Патаридзе менен беттешет.
Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиондугу 5-августта башталган. Өлкө атынан килемге үч балбан чыгып, алардын бири Акжол Махмудов (74 килограмм) америкалык Камал Амир Бэюга орун бошотуп, күмүш медаль тагынган.