БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Горький көчөсүндө (Тынчтык проспектисине жакын жерде) айдоочу Кайгуул милиция кызматкерин сабап салган. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден кабарлашты.
Ведомствонун маалыматына караганда, инспектор унааны токтоткондо айдоочусу мас экени маалым болгон. Аны кармоо учурунда каршылык көрсөтүп, милиционер жаракат алган.
Учурда айдоочу кармалып, текшерүү үчүн наркологияга жөнөтүлдү.
Ал эми инспектор Бишкек шаардык травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилди. Дарыгерлер берген алдын ала маалыматка караганда, милиционердин башы жарылган.