БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кечээ Ала-Бука жана Сокулук райондорунда 38 жаштагы киши менен 10 жашар кыз сууга чөгүп каза тапты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Биринчи кырсык Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычында болуп, 38 жаштагы кишинин сууга чөккөндүгү тууралуу кабар кечки саат сегиздерде түшкөн. Куткаруучуларды кошкондо 50 адам издеп, сөөк бир нече убакыттан кийин табылган.
Экинчи окуяда Асылбаш айылындагы ойноп жаткан кыз каналга түшүп кеткен. Куткаруучулар баланын сөөгүн таап, ата-энесине өткөрүп беришкен.