БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Түркия менен Грузиянын чек арасындагы Артвин аймагындагы Сарп чек ара көзөмөл пунктунан машинанын багажына жашынып бара жаткан 28 жаштагы кыргызстандык аял кармалды. Бул тууралуу Hurriyet басылмасы билдирди.
Маалыматка ылайык, түндө Грузиянын жараны Түркиянын аймагына машинасы менен кирген. Андан шек санаган чек ара кызматкерлери машинаны тинтүү учурунда багажынан аялды табышкан.
Тактоо учурунда кармалган аял виза мыйзамдарын бузганы да аныкталган. Суракка алуу аяктагандан кийин аял Түркиядан депортацияланарын аталган басылма баса белгиледи.