БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Чаткал районунун Ак-Таш айыл аймагынын Чек-Таш участкасында сууга агып кеткен аялдын сөөгү табылганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, сөөк Чаткал дарыясындагы аралчага чыгып калган. 37 жаштагы аялдын сууга 31-июль күнү агып кеткени аныкталды.
Куткаруучулар маркумдун сөөгүн чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.