Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПрирода Григорьевского ущелья Иссык-Кульской области
Природа Григорьевского ущелья Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. 1-август күнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөй турганын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй облусунда 32…37 градус ысык болсо, Таласта күндүн табы 30…35 градуска чейин көтөрүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында абанын температурасы 34…39 градуска жетери айтылды. Ысык-Көл менен Нарында 26…31 градус болору болжолдонууда.

Бишкек менен Ош шаарларында күн 35…37 градуска чейин ысыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0