Ош шаарынын Жийделик айылында чыккан өрт 4 үйдүн чатырын жалмады

Жазылуу
Тилсиз жоонун алдын алууга алты машина тартылган.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Ош шаарынын Жийделик айылындагы Хаким ажы көчөсүндө чыккан өрт төрт үйдүн чатырын жалмаганын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Тилсиз жоонун алдын алууга алты машина тартылган.

Маалыматка ылайык, өрт тууралуу билдирүү 31-июлда саат 14:00дө келип түшкөн.

"Күбөлөрдүн өрт өчүрүүчү машиналар суусу жок келди деген маалыматы чындыкка коошпойт. Өрт өчүрүүчү машиналар кырсык болгон жерге суусу жок барбайт. Бул талап", — деп жазылат маалыматта.

Саат 15:09да өрт чектелип, саат 16:21де өрт толугу менен өчүрүлгөн. Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0