Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Шагиева Нарындын эмнесине көз артты?

Жазылуу
Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Шагиева Нарындын эмнесине көз артты?

Ар бир адам үчүн туулган жеринин топурагы алтын. Ушундай аптаптуу күндө туулуп өскөн айылыңа барып, анын абасынан кере-кере дем алганга не жетсин.

Кыргызстандын ар бир аймагы чынында керемет. Ар биринин өзүнө гана таандык болгон өзгөчөлүгү бар. Президенттин кызы Алия Шагиева жакында эле Нарынга барып, алган таасирлери менен бөлүштү. Ал Нарындын таза абасына, асманда жымыңдаган жылдыздарга суктанып, элдин кең пейилдигин көрүп, өзүнө батпай көзүнө жаш алып ыйлаганын жазды. Жакшы нерселерди эстеп, сүйүнүчтөн гана көзүбүзгө жаш алалы.

Сууга, сууга түшкүлө. Күндүн табы кайтты дегенибиз менен куйкалаган ысык кайта келди көрүнөт. Мындай ысыкта эмне кылуу керек? Албетте, сууга чумкуп, балык болуп кеткиче сууга түшүш керек. Кантип дейсизби? Жообу эң жөнөкөй. Бул эстрада жылдыздарын карасаңар, тим эле көздү кычыштырып көлдө жүрүшөт. Ии койчу, күнгө кактанып жаткандарынан сууда жыргап түшүп жаткандарына чейин көрсөңөр болот.

Сулууларга суктанууга акым бар деген ыр ушундай нерселерден улам чыгат болуш керек да. Бой десе бою, өң десе өңү бар жаш актриса Назбийке айылга барып жашоого макул экенин айтты. Кана эмесе, бойдок жигиттер жүрө бербей нарыдан бери аракет кылып ийгиле.

Мүйүз чоор деген эмне? Кыргыздар байыртадан эле түрдүү аспаптарда кол ойнотуп, аларды шаңшытып келген. Арасында унутулуп бараткандары да жок эмес. Ошондой аспаптарды азыр саналуу кишилер гана черте алат. Курмангазы Азыкбаев ошол мүйүз чоордо созолонто ойноп берди. 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.54 (сатып алуу) жана 68.81 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгүсү 38.60 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.20 сом, ал эми дизель майы 36.60 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Туулган жердин топурагы алтын экенин дайым эстеп жүрөлү. Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0