Шаардын аптабынан Ысык-Көлгө "качкан" жылдыздардын жайкы кадрлары

© Sputnik / Жоомарт УраимовСнимок с социальной сети Instagram пользователя aijanasemova_
Снимок с социальной сети Instagram пользователя aijanasemova_ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көлдө жайкы сезон кызуу жүрүп жаткан учуру. Ал жерден бери жагы Азия, ары жагы Европадан келген туристтерди көрүүгө болот. Ошол эле учурда кыргызстандыктар да каникулда же эмгек өргүүгө чыкканда Ысык-Көлгө барууну адатка айлантышкан.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Быйылкы жайда күндүн табы 40 градустан ашып, салкын аба көздөн учуп жатат. Акактаткан ысыктан качып айрымдары тоо тарапка бет алса, дагы башкалары Ысык-Көлгө барып жан сергитүүдө.

Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыз эстрада жылдыздарынын социалдык баракчаларына баш багып, Ысык-Көлдө эс алган ирмемдерин топтоду.

Публикация от Kuralbek Chokoev (@kural_chokoev) Июн 8 2017 в 10:41 PDT

1. Жылдыздардын арасынан алгачкылардан болуп Курал Чокоев 8-июнда көлгө түшүү сезонун ачкан. Ал жайга катуу даярданып чачын да алып салыптыр.

Жара 2017! 🔥🔥🔥

Публикация от Miss World Kyrgyzstan 2017 (@begimaykarybekova) Июл 7 2017 в 2:56 PDT

2. Ал эми "Кыргызстан сулуусу — 2017" сынагынын жеңүүчүсү модель Бегимай Карыбекова Ысык-Көлгө июль айынын башында барып, "өрдөгү" менен ойноп кайткан.

Достор менен тамашалашып коёбуз🤙🏻🤙🏻

Публикация от 🇰🇬Аваз Акимов🇰🇬 (@avaz_akimov_official) Июл 24 2017 в 10:50 PDT

3. Баса, достор менен көлгө барганда өзүңүзгө сак болууну унутпаңыз. Анткени мындай учурлар көп болот. Ырчы Аваз Акимов дос кызын, пирстин үстүндө бийлеп жаткан жеринен суу койнуна жөнөткөн.

💙

Публикация от Aijan Asemova (@aijanasemova_) Июл 21 2017 в 9:30 PDT

4. Instagram жылдызы Айжан Асемова да эл катары эс алууга барды. Ал жактан адаттагыдай эле жигиттердин көзүн суктандырган сүрөтүн жүктөгөн.

С моим качком 💪🏼

Публикация от @aiposha_k Июл 11 2017 в 7:20 PDT

5. Ошондой эле белгилүү ырчы Гүлжигит Калыков эс алуусун келинчеги менен өткөргөн.

🐳🐳🐳🐳🐳🐳#ысык_кол2017

Публикация от Анжелика Бекболиева Кайратовна (@anjelika_bekbolieva_official) Июл 29 2017 в 2:01 PDT

6. Анжелика Бекболиева да үй-бүлөсү менен Ысык-Көлгө барып эс алуудагы сүрөттөрүн Instagram баракчасына катар-катары менен жүктөп турган чагы.

Кун ысыкта бул видеону коруп сергип ал😜 @azamat_ismailov_cheber @symbat_azamat Уй булоолук эс алуу🏄

Публикация от Эмиль Эсеналиев (@emil_esenaliev_official) Июл 19 2017 в 4:29 PDT

7. "Даң-даң" ырынын коштоосунда сууда кайкып жүргөн "даң-даңчылар" үй-бүлөсү менен.

8. Назик үндүү ырчы Асел Кадырбекова болсо көл жээгинде аппак көйнөгү менен жайкала басып бара жаткан жеринен сүрөткө тартылган.

Ыссыкколдогу Титаник

Публикация от Азамат Исмаилов (@azamat_ismailov_cheber) Июл 4 2017 в 6:51 PDT

9. Ал эми Азамат Исмаилов менен Эмил Эсеналиев "Титаник" тасмасынын Ысык-Көлдөгү вариантын тарткан.

БYKY — БYKYНY Чувствует 🦅

Публикация от Maksat Sadyrbekov 〽️ (@maxsadyrbekov) Июл 22 2017 в 3:43 PDT

10. Non stop дуэтинин солисти Максат Садырбеков көлгө барып бүркүттөр менен достошкон.

Жаңылыктар түрмөгү
0