Аптаптуу ысыктан улам Ысык-Көл көздөн учуп, кыялыңызда тоо аралап, шар аккан суунун жээгинде жамбаштап гана жаткан болсоңуз бир күн чыдап коюңуз. Буюрса, алдыда эки күндүк эс алуу. Анан сиз да башкалардын ичин күйгүзүп, тоо боорундагы сүрөттөрдү жүктөйсүз.
Баса, мен дагы эл катары эмгек өргүүсүнө кетип жатам. Анан Ысык-Көл, Сары-Челекке барган сүрөттөрүмдү интернетке киргизбей койсом деле эс алганым эсеппи? "Караколдун ашлямфусу, оштун самсасы" деген хештегдерди койбой эле жей берсем аш болобу? Эгерде эч кандай сүрөт жүктөбөй койсом айылга барып чөп чаап, отун ташып отпүскеси өтүптүр дебегиле, ээ. Мен болгону тынч, эч кимге жар салбай эле эс алайын деп жатам.
Алмазбек Атамбаев деле эмгек өргүүсүнө чыгып, канча күнгө кеткенин айтпаптыр. Ал дагы тынч эс алганды жакшы көрөт го, сыягы.
Ажобуз эмгек өргүүсүндө жүргөндө анын ордун басчулардын саны 41ге жетти. Дагы бир аз көбөйүшсө "Талапкерлер" деген партия түзүп, өзүлөрүнчө улак тартыш ойной берсе жакшы болот эле.
Шайлоо менен убара болбой, "Оймо" фестивалына катышып, сейрек кездешчү буюмдарды сатып алсак, анан ошол кийимдерди кийип алып "Шах-Фазиль" тарыхый-архитектуралык комплексинен тартып башка көз жоосун алган жерлерди кыдырып жүрсөк…
Анан ден соолукка өзгөчө көңүл буруп, жаман илдеттен алыс болсок. Бири-бирибизге сый-урмат менен мамиле кылып, кайрымдуулуктарга байма-бай катышып турсак эле өлкөбүз өнүгүп, алдыга жылары шексиз. Анткени жаман өлкөнүн эли — саясатчы, жакшы өлкөнүн эли — саякатчы эмеспи.
Бүгүн өлкө аймагында күн ачык болот.
Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.52 (сатып алуу) жана 68.81 (сатуу) сомду түздү.
Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгүсү 38.60 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.20 сом, ал эми дизель майы 36.60 сомдон сатылууда.
Соңку сөз. Саясатты коюп, саякаттайлы.
Амандыгыңызды тилеп Исмаил Мамытов