БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Ош облусуна караштуу Нариман айылындагы жол кырсыгынан 20 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 26-июль күнү саат 14:00дө болгон.
"Honda Odyssey унаасы жүк ташуучу унаа менен бетме-бет кагышкан. Жыйынтыгында 20 жаштагы кыз каза таап, төрт адам жабыр тарктан. Эки айдоочу тең кармалды", — деп жазылат маалыматта.
Унаалар айып короого токтотулуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.