БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Баткен шаарынын 34 жаштагы тургуну Адылбек Турдуев Төрт-Күл суу сактагычына түшүп жатып чөгүп кеткенин ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын калкты жана аймакты коргоо бөлүмүнүн башчысы Туратбек Турдуев билдирди.
Кырсык 25-июль күнү түнкү саат 22.10до болгон. Бул боюнча маалымат башкармалыкка эртеси таңда түшкөн.
Турдуев маркумдун сөөгү 26-июль күнү эртең мененки саат 7де табылып, туугандарына тапшырылганын кошумчалады.