Сүюнбаев: аскерий базаны Кызыл-Кыя шаарына ачуу керек
Аскер базасын Кызыл-Кыя шаарына ачуу керек. Бул тууралуу эксперт Мурат Сүюнбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Эске сала кетсек, президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйыны учурунда Россиядан өлкөнүн түштүк аймагына аскер базасын ачуусун суранганын айткан.
"Баткен окуясы экстремизм, терроризм коркунучу түштүк тарапта экенин көрсөттү. Андыктан өлкөнүн түштүк аймагына, тагыраагы Кызыл-Кыя шаарына ачуу керек. Анткени аталган шаарда аэропорт менен темир жолу бар", — деди Сүйүнбаев.
Анын айтымында, аталган шаарда көп улуттун өкүлдөрү жашайт.