БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргызстандын аймагы Россияга керек эмес. Алар биздин жерлерди басып алышпайт. Мындай пикирин президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарында журналисттер жана саясат таануучулар үчүн уюштурулган маалымат жыйында билдирди.
Ал өз сөзүндө ЖККУнун "Канттагы" базасын кеңейтүүнүн ордуна Россияга Тажикстан менен болгон чек арага экинчи авиабаза курууну сунуштаганын айтты.
"Россия база боюнча бир чечимге келиши керек. Ал үчүн көп каражат керек. Мен базалардан эмнеге коркпойм? Биздин жердин Россияга кереги жок, алардын жери ансыз деле көп. Андыктан алар биздин жерди басып албайт. Тескерисинче коргомок", — деди Атамбаев.
Өлкө башчысы Кыргызстан Куралдуу күчтөрүн жакшыртуу керектигин баса белгилеп, Россиядан миңдеген тонна аскер курал-жарактары келип, жакында эки учак кабыл алынарын кошумчалады.