БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында кечээ жана түндө эки ирет жер силкинди. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
23-июль күнү 16:36 чамасында Нарын облусунун Нарын, Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорунун чектешкен тоо кыркаларында очогунда 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Маалыматта Ак-Булак, Кара-Булак айылдарында — 4 балл, Куланак айылында – 3,5-4 балл, Баетов, Кара-Булуң, Кызыл-Туу айылдарында 3,5 балл, Ат-Башы айылына 3, Нарын шаарына 2,5 балл сезилгени айтылат.
Ал эми экинчи ирет жер титирөө түнкү 02:13 чамасында катталып, очогу Тажикстанда экендиги маалымдалды.
Анын эпкини Кыргызстанга да жетип, Чоң-Алай районунун Алга айылында 3 балл, Кара-Тейит, Карамыкта 2,5 балл болуп сезилген.
ӨКМ эки жер титирөөдөн тең кыйроолор жана жабыркагандар болбогондугун кошумча маалымдады.