БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында алдын ала маалымат боюнча КР жарандары жок. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 21-июлда түнкү саат бирлер чамасында Эге деңизинин жээктеринде катуу жер силкинген.
"Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Бодрум шаарынын бийлиги менен дайым байланышта жана абалга көзөмөл салып турат", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, жер титирөө 10 чакырым тереңдикте болгон.