БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Токтогул районунун имамдары алты айлык отчетторун тапшырышты. Бул тууралуу муфтият билдирди.
Маалыматка ылайык, 33 имамдын үчөө гана жүйөөлүү себептер менен отчет тапшырууга келген эмес.
"Токтогул райондук хатибиятынын иш кеңсесинде Токтогул районуна караштуу бардык имамдар алты айлык жүргүзгөн иш-чаралары боюнча маалыматтарын беришти", — деп жазылат маалыматта.
Имамдар казыят тарабынан келген буйруктардын, фатвалардын аткаралышы боюнча отчет тапшырып, 2014-2020-жылдарга карата концепциянын багыттарын иш жүзүнө ашыруу маселелерин айтып беришкен.