Ошто Борбор Азияда биринчилерден болуп дарыянын үстүнө подиум курулат

© Sputnik / Зульфия ТургуноваАк-Буура дарыясына салынчу подиумдун эскизи
Ак-Буура дарыясына салынчу подиумдун эскизи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган жерге келечекте түрдүү конкурстар, мода көргөзмөлөрү, балдардын майрамдары жана маданий иш-чараларды өткөрүү пландалууда.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Ош шаарында Борбор Азияда биринчилерден болуп дарыяга подиум курулат. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Ал Ак-Буура дарыясына салынат.

"Подиумдун айланасында атайын көрүүчү аянттарды салуу каралган. Тегерек-чети толугу менен иретке келтирилип, заманбап жарыктандыруу системасы менен жабдылат", — деп айтылат маалыматта.

Подиумду салуу үчүн тендер бир жуманын ичинде өтөт. Азыр курулуштун эскизи гана даяр.

Жаңылыктар түрмөгү
0