БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар грек-рим күрөшүнөн 7 медалга ээ болду. Бул туурасында өлкөнүн Күрөш федерациясынан кабарлашты.
Мелдеш Таиланддын Бангкок шаарында 20сынан 23-июлга чейин өткөрүлөт. Анда грек-рим, эркин жана кыздар арасындагы күрөш боюнча өлкө намысын 26 спортчу коргойт. Алардын 20сы эркек балдар жана алтоо кыздар.
Бүгүн грек-рим күрөшү боюнча күч сынашып Нуртазин Керимберди уулу биринчи, Мустафа Гасанов, Байэл Сатиев, Байэл Сатиев экинчи жана Марлен Асыкеев, Данияр Шеримбеков, Асыл Тойчуев, Талантбек Акылбеков үчүнчү орунду ээлеген.
Ал эми грек-рим күрөшү боюнча командалык эсепте Кыргызстан үчүнчү орунга чыккан.