БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Ишемби күнү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй, Талас өрөөнүндө 30…35 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 31…36 градус, Ысык-Көл менен Нарында 25…30 градус ысыйт.
Бишкек, Ош калааларында күн ачык болуп, 35 градуска чейин ысыйт.