Акматалиев: Жээнбековдун ордуна Абулгазиев убактылуу барат
Учурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун ордуна биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев убактылуу келет. Мындай пикирин саясий серепчи Алмаз Акматалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Эске сала кетсек, КСДП партиясы президенттикке премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөткөн.
"Менин оюмча премьер-министр ашып кетсе 1,5 айга гана кызматын тапшырат. Андыктан жаңы өкмөт башчы деле келбейт. Биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев милдетин аткарып турат", — деди эксперт.
Акматалиев өкмөттүн курамында алмашуу болбойт деген оюн кошумчалады.