Бурятияда токой өрттөнсө, Чехиядагы зоопаркта ак арстан туулду. Россиянын Нижегород облусунда Alfa Future People музыкалык фестивалы өттү, ал эми Франциянын борборунда Mode City бренди Rock My Swim коллекциясын көрсөттү.
Венесуэлада өлкөнүн президенти Николас Мадурого каршы акциялар уланууда. Бишкекте болсо "Кыргызстан сулуусу — 2017" конкурсунун жеңүүчүсү аныкталды.

"Авиалесоохраны" мекемесинин кызматкери токойдогу өртү өчүрүүдө. Бурятия (Россия)

Парижде Mode City бренди Rock My Swim коллекциясын мода жумалыгында көрсөтүүдө

Америкалык учкучтардын тобу Париждеги аскер парадында учуп өтүштү

Бишкекте өткөн "Кыргызстан сулуусу — 2017" сынагынын жеңүүчүсү Айгерим Бектенбаева

Домбай тоо курортундагы жаштар

Нижегород облусунда өткөн Alfa Future People музыкалык фестивалынын катышуучусу

Чехиядагы зоопаркта туулган ак арстан

Финляндияда сазда ойнолгон футбол боюнча дүйнө чемпионаты өттү. Сүрөттү мелдеште экинчи орунду алган Россиянын G-Force командасы

Хорватиянын Верудел аймагында сууда йога менен машыккандар

Венесуэлада өлкө башчысы Николас Мадурого каршы митингге чыккандар

АКШнын Мичиган штатындагы Nankin Mills паркында ылайда жарышкан балдар

Мосул шаарын бошоткондон кийин Ирактын бийлиги "Ислам мамлекетине" таандык колго жасалган аскер техникаларды тапкан

Индонезиянын Борбордук Ява провинциясындагы Синабунг жанар тоосунун атылышы

"Ысык-Көл досторду чакырат" эл аралык этнокарнавалдын катышуучулары. Бишкекте өткөн иш-чарага Россия, Индия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан келген балдар катышты. Алар "Ала-Тоо" аянтынан улуттук кийимчен өтүп, жүрүш жасады

Мушкер Флойд-Мейвезердин кичүүсү Нью-Йоркто болгон маалымат жыйында мушкер Конор Макгрегорго доллар ыргытты

"Миссис Кыргызстан - 2017" сынагына 24 келин катышты

Тайвандын аскерлери Гаосюн аскер-деңиз базасында машыгууда

Сербиянын Белград аймагындагы кумдуу Дунай дарыясынын жээгинде эс алган жаран
