Сентябрь айында олимпиадалык оюндардын кайда болоору аныкталат

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүОлимпиада шакекчелери. Архив
Олимпиада шакекчелери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Олимпиадалык комитет учурда Париж жана Лос-Анжелес менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Эл аралык олимпиадалык комитет сентябрь айында 2024-жылы жана 2028-жылы өтө турган олимпиада оюндары өтчү шаарды тандайт. Бул тууралуу РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме кылуу менен жазып чыкты. 

1980-жылы Москвада өткөн олимпиаданын алтын медалынын ээси, оор атлетчи Каныбек Осмоналиев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Каныбек Осмоналиев: небере кызымдын атын Олимпиада койгом
Маалыматка ылайык, эгерде олимпиадалык комитет 2024-жылкы олимпиданы өткөрүүгө талапкер болгон Париж менен Лос-Анджелес сүйлөшүү жүргүзө албаса, анда 2028-жылы олимпиада өтө турчу шаар эле тандалат.

Аталган чечим өткөн аптада Лозанда өткөн олимпиадалык комитеттин сессиясында кабыл алынган.

Олимпиадалык комитет учурда Париж жана Лос-Анжелес менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Эгерде макулдашуулар ийгиликтүү болсо, анда 2024-жылкы оюндар жогору аты аталган шаарлардын биринде, 2028-жылкы оюндар экинчисинде болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0