БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Жума күнү жаандуу аба ырайы сакталат. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт.
Чүй менен Талас өрөөнүндө 21…26 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 26…31 градус, Ысык-Көл, Нарында 19…24 градус ысыйт.
Борбор калаа менен ордолуу Ош шаарында күн күркүрөп, 28-31 градус ысык болот.